Бишкекте Mercedes-Benz E 210 уурдаган деп шектелген эки жаран кармалды
9 октябрь

Бишкекте Mercedes-Benz E 210 уурдаган деп шектелген эки жаран кармалды

2026-жылдын 26-сентябрында Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге жаран Ш.Э. арыз менен кайрылып, 2026-жылдын 25-сентябрында саат 23:00 чамасында Бишкек шаарынын Васильев көчөсүндө токтоп турган «Mercedes-Benz E 210» үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз адамдар мыйзамсыз ээлеп алышканын билдирген.

Аталган факты боюнча Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси («Автомототранспорт каражатын айдап качуу») менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган Т.Б. жана М.А. аттуу жарандар аныкталып, кармалышкан.

Алар Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, андан соң Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишкен.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө уурдалган автоунаа Жалал-Абад облусунун аймагынан табылган.

Автоунаа алынып, кылмыш ишинин материалдарына заттык далил катары тиркелген.

Учурда тергөө иштери улантылууда.