Президент Садыр Жапаров КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү
9 октябрь

Президент Садыр Жапаров КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда, Түркмөнстанда тар жана кеңейтилген курамдарда өткөн КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышты.

Тар курамдагы жыйында Мамлекет башчысы Кыргызстандын КМШ алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, өз ара пайдалуу байланыштарды жана Шериктештикке мүчө мамлекеттердин ортосундагы ынак коңшулук мамилелерди чыңдоого туруктуу берилгендигин баса белгиледи.

Садыр Жапаров соода-экономикалык, инвестициялык жана өндүрүштүк кызматташтыкты кеңейтүүнүн, ошондой эле энергетика, агроөнөр жай комплекси, транспорт, логистика, санариптик экономика жана инновациялар тармактарындагы өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Мамлекет башчысы туризм жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыктын келечегин да белгилеп, КМШ мамлекеттеринин башчыларын 2027-жылдын октябрь айында Кыргызстанда өтө турган «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

Маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнүн алкагында Садыр Жапаров 2028-жылы кыргыздын көрүнүктүү жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата КМШ алкагында биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.

Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров Кыргызстан Шериктештикти чыңдоого мындан ары да салым кошууга даяр экенин баса белгиледи.

Андан соң мамлекет башчылары кеңейтилген курамдагы жыйын өткөрүштү.

Ага Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын Президенти Владимир Путин, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле ардактуу конок катары Ирандын Президенти Масуд Пезешкиан катышты.21711:30