Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Монголиянын элчиси менен жолугушту
9 октябрь

Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Монголиянын элчиси менен жолугушту

2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары С. М. Ахматов Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дэмчигийн Тэгшжаргал менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды чыңдоого, бизнес-форумдарды жана көргөзмө иш-чараларын уюштурууга, ошондой эле өз ара аракеттенүүнүн жаңы механизмдерин издөөгө өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-монгол соода-экономикалык кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүгө жана жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштерди улантууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.