Бишкекте 3-ноябрда «Чолпонум» мюзикли көрсөтүлөт
Сүрөт ачык булактардан алынды
10 октябрь

Бишкекте 3-ноябрда «Чолпонум» мюзикли көрсөтүлөт

Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясы көрүүчүлөрдүн көптөгөн өтүнүчтөрү боюнча «Чолпонум» мюзиклин Бишкек шаарында кайрадан тартуулайт.

Маданият министрлигинен кабарлашкандай, мюзикль 2026-жылдын 3-ноябрында Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында көрсөтүлөт. Башталышы саат 18:00дө.

«Чолпонум» — чыныгы сүйүү, татаал тагдыр жана адамдык сезимдерди камтыган чыгарма. Көрүүчүлөрдү терең мазмуну жана музыкалык коштоосу менен айырмаланган таасирдүү спектакль күтөт.