26-октябрда Бишкекте Баткен окуяларында курман болгон жоокерлер эскерилет
сүрөт: depositphotos.com
10 октябрь

26-октябрда Бишкекте Баткен окуяларында курман болгон жоокерлер эскерилет

26-октябрда Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында Баткен окуяларында курман болгон аскер кызматкерлерин эскерүү митинги өтөт. Иш-чара саат 11:00дө башталат.

Бул тууралуу Баткен окуяларынын катышуучуларынын ардагерлер уюмдарынын райондук жетекчилеринин жолугушуусунда маалымдалды.

Буга чейин эскерүү митинги Логвиненко жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги баткенчи жоокерлердин эстелигинин жанында өткөрүлүп келген. Быйыл ал жердеги оңдоо иштерине байланыштуу иш-чаранын орду өзгөртүлдү.

Митингге курман болгон аскер кызматкерлеринин ата-энелери жана үй-бүлөлөрү, Баткен окуяларынын катышуучулары, ардагерлер жана аскердик-патриоттук уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.

Баткен окуяларынын катышуучулары үчүн жыл сайын октябрь айында эскерүү иш-чарасын өткөрүү көп жылдык салтка айланган. Ардагерлер жаш муун 1999–2000-жылдардагы окуялар тууралуу билиши үчүн мектептерде эрдик сабактарын өткөрүп, окуучуларды эскерүү митингдерине чакырууну да маанилүү деп эсептешет.

Баткен окуялары тууралуу

1999-жылдын август айында Кыргызстанда тыюу салынган Өзбекстан ислам кыймылынын куралдуу топтору Тажикстан тараптан өлкө аймагына кирип келишкен. Негизги куралдуу кагылышуулар Кыргызстандын түштүгүндө болгон.

Баткен окуяларынын катышуучуларынын статусу жөнүндө мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында келтирилген маалыматка ылайык, бул окуяларда 76 адам каза болуп, алардын 46сы аскер кызматкерлери болгон. 100дөн ашуун адам жаракат алган. Операцияга өлкөнүн бардык аймактарынан жалпысынан 5,8 миңдей адам катышкан.

Учурда 1999–2000-жылдардагы окуяларды расмий түрдө Баткен согушу деп таанууну жана анын катышуучуларынын статусун мыйзам менен бекитүүнү караган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Долбоорго ылайык, бул макамды аскер кызматкерлерине, укук коргоо органдарынын, улуттук коопсуздук жана чек ара кызматтарынын кызматкерлерине, ошондой эле Кыргызстандын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана мамлекеттик чек арасын коргоого тартылган башка адамдарга берүү сунушталууда.

Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда медициналык тейлөө, санаторий-курорттук дарылануу, кесиптик даярдыктан өтүү жана кайра даярдоо, социалдык жана юридикалык жардам көрсөтүү сыяктуу бир катар жеңилдиктер каралган. Жаракат алган адамдарга, майыптыгы бар жарандарга жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө өзүнчө колдоо чаралары сунушталууда.

Ошол эле учурда долбоордо милдеттүү акчалай төлөмдөр каралган эмес. Мамлекеттик колдоонун конкреттүү чараларын кийин Министрлер кабинети аныкташы керек.

Белгилей кетсек, 26-октябрь 2013-жылы Баткен окуяларында курман болгон жоокерлердин элесин эскерүү күнү катары белгиленген.