Кыргызстан боюнча 2026-жылы электр энергияны керектөөнүн көлөмү 19,6 млрд кВтс болушу күтүлүүдө
сүрөт: depositphotos.com
10 октябрь

Кыргызстан боюнча 2026-жылы электр энергияны керектөөнүн көлөмү 19,6 млрд кВтс болушу күтүлүүдө

Электр энергиясын өндүрүү жана керектөөдө 2026-жылга карата республика боюнча электр энергияны керектөөнүн көлөмү 19,6 млрд кВтс болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев  өлкөнүн экономика тармактарынын жана калкынын 2026-2027-жылдардын күз, кыш мезгилдерине даярдыгы боюнча жыйында билдирди. 

Анын айтымына караганда, анын 15,5 млрд кВтс өзүбүздөн иштеп чыгарылат. Калган бөлүгүн, суунун көлөмүн төмөндөтпөө жана сууну сарамжалдуу пайдалануу максатында 4,1 млрд кВтс электр энергиясы импорттолот. 

Бул багытта минкаб төрагасы Энергетика министрлиги, энергетикалык ишканалар, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимиттерин сактоону камсыз кылуу боюнча көзөмөл жана чараларды көрүү, калк арасында энергияны үнөмдөө зарылдыгы жана алдыдагы жылытуу мезгилинде энергияны пайдалануунун тартибин сактоо жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.