Кыргызстан менен Казакстандын музейлери кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту
10 октябрь

Кыргызстан менен Казакстандын музейлери кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту

2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде музейдин директору Назгүл Өмүрзакова менен Казакстан Республикасынын Кызылорда облустук тарыхый-өлкө таануу музейинин директору Нурмат Абдуллаулы Мансурдун жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар музейлер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, көчмө жана конок көргөзмөлөрүн уюштуруу, ошондой эле уникалдуу артефакттарды жана сейрек этнографиялык экспонаттарды таанытуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи менен Кызылорда облустук тарыхый-өлкө таануу музейинин ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документ эки өлкөнүн музейлери ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө, маданий мурастарды сактоо, изилдөө жана калыбына келтирүү багытында тажрыйба алмашууга, ошондой эле биргелешкен көргөзмөлөрдү уюштурууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Бул кызматташтык Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө жана эки элдин тарыхый-маданий мурасын кеңири таанытууга багытталган.