Бишкекте эркек кишиге кол салууга шектелген төрт адам кармалды
10 октябрь

Бишкекте эркек кишиге кол салууга шектелген төрт адам кармалды

2026-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жаран Г.Р. жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылган. Ал Гоголь көчөсүндө белгисиз адамдар ага дене жаракаттарын келтирип, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасашканын билдирген.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинде (Каракчылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Окуянын жагдайларын аныктоо жана кылмышка шектүү адамдарды кармоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары токтоосуз жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, анын ичинде «Коопсуз өлкө» долбоорунун видеокөзөмөл камераларынын жардамы менен Т.А., Э.А., З.А. жана К.А. аттуу жарандардын өздүгү аныкталып, алар Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

Учурда шектүүлөр Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.