Тамара Жаманбаеваны шакирттери эскерет
Кыргыз телерадиосунун легендасы, белгилүү диктор, Кыргыз Эл артисти, ардактуу профессор Тамара Жаманбаева 83 жаш курагында бул жарык дүйнө менен кош айтышты. Ал өмүрүнүн акырына чейин кыргыз телерадиосунун өнүгүшүнө, жаш кадрларды даярдоого бүткүл күчүн жумшады. Бүгүн биз Тамара эженин өрнөктүү өмүрү, өзгөчө мектеби тууралуу анын шакирттеринен сурадык.
Тамара Жаманбаева 1943-жылы 14-майда Нарын шаарында туулган. 1959-жылы медициналык окуу жайды, 1968-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филология факультетин журналистика багыты боюнча аяктаган. Ал 16 жашында Кыргыз телевидениесине дикторлук кызматка кабыл алынган. Кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телерадиокомитетинин вице-президенти, “Замана”, “Ибарат” студияларынын башкы редактору, Ош облустук телерадиокомитетинин төрайымы сыяктуу жооптуу кызматтарды аркалап, телерадионун өсүп-өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон. Кыргыз телесининде тажрыйбалуу адис катары көптөгөн дикторлорду, радио-тележурналисттерди даярдап, 1995-жылы “Замана” таңкы телеберүүлөрүн уюштурган. Тамара Жаманбаева эл алдына ак кызматы менен таанылып, дикторлукта өзүнүн мектебин түзө алды. Анын эмгеги жогору бааланып СССРдин жана Кыргызстандын телерадиосунун мыкты кызматкери, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы, КР "Даңк" медалы менен сыйланып, КР Эл артисти наамына татыган.
Гүлшан Молдоева: “Таптакыр жаңылбай сүйлөгөнү таң калтырчу”
– Тамара Жаманбаеванын аты 1960-70 жылдары кыргыз элине аттын кашкасындай таанылып, ар бир үйдүн мүчөсү катары болуп калган. Эже программаны бир карап алып эле түз эфирде таптакыр жаңылбай айтканы эс тутумунун мыктылыгынан кабар берер эле. Өмүрүнүн акырына чейин кыргыз телевидениеси күйүп жүрүп өттү. Кокус алып баруучулардын бири бир аз туура эмес сүйлөп койсо: “Атаңдын көрү ай, ушул сөз туура эмес айтылып калды”, – деп кадимкидей күйүнүп турчу. Телерадиого Тамара Хусейиновнадай кадрдын жетишпестиги эми опол тоодой эле билинет болушу керек. Айла жок, эмне кылабыз...
Ширин Костюк: “Чачыңды кырк” деген кеңешин гана кабыл алган жокмун”
– Мен Тамара Хусейиновна менен биринчи жолу 1996-жылы окууну жаңы бүтүп келгенде “Замана” студиясынан жолуктум. Ошол күндөн баштап түз эфирде кантип сүйлөгөндөн баштап өзүбүздү кантип алып жүргөнгө чейин үйрөттү. Урушкан жерде урушту, мактаган жерде мактады. Жашпыз да, урушуп койсо тултуңдап калсак чай койдуруп, конфет-печеньесин алдыбызга коюп чогуу чай ичип, маңдайыбызга отуруп жакшы сүйлөп койсо кайра эдиреңдеп иштеп калчубуз. УТРКнын узун коридорунда келе жатканда Тамара Хусейиновна алдыбыздан чыгып калса кадимкидей сүрдөп, апкаарып калчубуз. Анткени токтотуп алып кечээки алып барган эфириңди, кийип чыккан кийимиңди талкуулап, туура эмес болсо анысын айтып турчу. Менин чачым жаш кезимден узун да. Түз тарап туруп түйүп алган ушул чач жасалгам башынан эле бар. Бир жолу эже: “Чачыңды башкача кылып кырктырып модалуу чач жасалга кылып өзгөрт”, – деп калды. Менин антким келген жок. Кайра-кайра айта бергенинен: “Мен анда эфирге чыкпай эле коёюн”, – деп кетип баратсам токтотуп алып кайра эфирге киргизди. Эженин бир гана ушул кеңешин кабыл алган жокмун, калган бардык кеңештерин жашоомдо да, жумушумда да колдонуп, азыр кийинки муунга өткөрүп берүүнүн аракетинде жүрөм.
Чынар Капарова: “Каталарыбызды көзгө сайып көрсөтүп турчу”
– Мен үчүн Тамара эже залкар диктор гана эмес, мага окшогон жаш кадрларды журналистиканын улуу дүйнөсүнө жетелеген руханий энебиз, устатыбыз болчу. Биз, жаш студенттер, ал кишинин экрандагы зор авторитетинен, суктанткан маданиятынан сүрдөп, сүйлөгөндөн коркуп турчубуз. Бирок алгачкы эле сабакта биздин коркунучубузду энелик мээрим, жылуу жылмаюу менен заматта таратып жиберди. Окутуп-үйрөтүүгө келгенде катуу талап коюп, айткан ар бир сөзүбүздү талдап, каталарыбызды көзгө сайып көрсөтүп турчу. Тамара эженин өзгөчө бир сапаты, ал биздин кемчиликтерибизди эч качан эл көзүнчө айтып, шагыбызды сындырчу эмес. Мисалы, эфирден кеп техникасынан ката кетирсек, акырын өзүнө чакырып: “Эфирде абдан жакшы көрүнөсүң, сени эфир сүйөт, үнүң да жакшы, бирок тигил сөздүн интонациясын мындай койсоң, угуучунун жүрөгүнө жетет”, – деп ушунчалык устаттык насаат менен түзөтчү. Ал ар бир шакиртинин ийгилигине өз баласынын жетишкендигиндей кубанчу. Азыр менин өзүмдүн китептеримде, макалаларымда ушул устатымдан алган дем, ал көрсөткөн багыт жатат. Анын китеби ар бир макаламдын жол чырагы.
Кыял Шаршекеева: “Түрдүү бет маскаларын жасап жумушка алып келчү”
– Тамара эженин баскан-турганы, ишмердүүлүгү биз үчүн өрнөк. Кыргыз телерадиосуна, бизге – алып баруучуларга эжедей күйгөн адам жок болушу керек. Бардык алып баруучу, журналисттерди баалап, баамдап, керектүү кеп-кеңештерин айтып турар эле. Мен кечки эфирге чыгып, “Ала-Тоо” маалыматтык программасы бүтөрү менен эже мага телефон чалып пикирин айтчу. “Бүгүн эфириң жакшы болду, жакты мага” десе төбөм көккө жетип кубанып калчумун. Эже профессионал болгондуктан кесипкөйлүккө басым жасап, шайкештиктен ырахат алчу. Эми нускалуу кеп-кеңештерди ким чалып айтып турат деп кейип атам. Эже сүйлөө чеберчилигинен тартып бетке кам көрүүгө чейин үйрөтчү. Түрдүү бет маскаларын жасап алып келип берчү. Бир жолу каймак менен маска жасап жумушка ала келиптир. Биз телевидение менен катар Чыгыш университетинде да чогуу иштеп, болочок журналисттерге сабак берчүбүз. Эже сүйлөө чеберчилигин, мен сүйлөө техникасын үйрөтчүбүз. Жаштар үчүн эженин сөздөрү баа жеткис эле.
Анара Бейшекеева: “Телеге өзү алып келип, ымыркайдай эле өстүрдү”
– Мени телевидениеге Тамара Кусеиновна алып келген. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетинин журналистика факультетинде 3-курста окуп жүргөнүмдө Улуттук канал окуу жай менен биргеликте сынак өткөргөн. Мына ошол сынак мени Тамара эже менен жолуктурган. Ал калыстар тобунда экен. Ошондо катышуучулардын ичинен эки студентти “Замана” студиясына стажировкага чакырган. Аладын бири мен элем.
Ошондон тартып Тамара Жаманбаева телевидениедеги энем болуп калды десем жаңылышпайм. Мени ымыркайдай эле өстүрдү. “Үнүң кичинекей баланыкындай” деп алгач текст окуттурчу эмес. Дикциямдын үстүнөн иштеди. Кадр артындагы текстти жазуу үчүн сүйлөмдөрдү кураштырганды үйрөттү. Эфирге кандай кийиниш керек, кантип отуруш керек – ушуга чейин жадабай кеңешин айтчу. Ал гана эмес, “акчаң барбы?”, “курсагың токпу?”, “маанайың эмнеге жок?” деп турар эле. Урушкан да күндөрү болгон. Анан кайра эле: “Ай, аксакал (бул сөздү Тамара эжем көп айтар эле), ошондо эмне кылдык?” деп жылмайса, кайра өзүм уялып калчу элем. Жумуш менен эле чектелбей, жашоо сабактарын да үйрөтүп кетти: эне болгонду, жар болгонду, дос күткөндү. Эжекем, өмүр бою жүрөгүмдө жашайсыз!
Нуркыз Караева: “Берген жүз сомунун мааниси башкада эле...”
– Телеге жаңыдан келип, практикант болуп иштеп калдык. Гонорарыбыз абдан аз эле. Бирок штаттагы кызматкерлер менен бирдей эле иштеп, таңдан кечке чейин талыкпай ошол жерде жүрө берчүбүз. Ошол учурда Тамара эже мени өзгөчө жакын тартып, эмгегимди байкап, дайыма колдоп турчу. Ал кезде ортобузда эч кандай жеке байланыш жок эле, болгону менин иштегенимди, аракетимди, күжүрмөндүгүмдү баалачу экен.
Эсимде, кээде өзүнүн айлыгынан «мына, жол киреңе» деп жүз, эки жүз сом берип койчу. Чынын айтсам, ал акчага муктаж эмес элем. Бирок ошол жүз сомдун мен үчүн мааниси таптакыр башка болчу. «Мен сенин эмгегиңди көрүп жатам. Мен сага ишенем» дегендей сезилчү мага. Ошол кичинекей колдоо мага чоң мотивация берчү. Ансайын талыкпай иштеп, өзүмдү далилдегим келчү. Эженин ар бир шакирти теледен өз ордун тапты десем болот. 8-Мартта, Телевидение күнүндө телефон чалып куттуктасак ар бирибизди үнүбүздөн дароо таанычу.
