Бишкекте сасык тумоого каршы эмдөөнү акысыз же 850 сомдон баштап алса болот — кайда эмдөө жүргүзүлөт
сүрөт: depositphotos.com
10 октябрь

Бишкекте сасык тумоого каршы эмдөөнү акысыз же 850 сомдон баштап алса болот — кайда эмдөө жүргүзүлөт

Кыргызстанда сасык тумоонун алдын алуу максатында эмдөө иштери уланууда. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Акысыз эмдөөдөн үй-бүлөлүк медицина борборлорунан өтүүгө болот.

Биринчи кезекте өнөкөт оорулары бар адамдарга, 65 жаштан жогоркуларга, кош бойлуу аялдарга, тез-тез ооруган балдарга жана медицина кызматкерлерине эмдөө алуу сунушталат.

Бишкекте акы төлөп да эмдөөдөн өтүүгө болот. Вакцинанын бир дозасынын баасы 850 сомдон башталат.

Эмдөө «ЦАДМиР», «Кроха», «Малыш», «Эдельвейс», «Интермедикал», «Авицена», «Клиника 21», «Чипенко», «Комфорт Мед» медициналык мекемелеринде жана №312 поликлиникада жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, үй-бүлөлүк медицина борборлорунда ата-энелер үчүн атайын колл-борборлор иштейт. Баладан курч респиратордук вирустук инфекциянын (КРВИ) алгачкы белгилери байкалса, адистерден аралыктан кеңеш алууга, анын ичинде ооруканага жаткыруу зарылдыгы боюнча маалымат алууга болот.