Алайда 39 жаштагы эркекти өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү фактысы тергелүүдө: ага зомбулук көрсөтүлүшү мүмкүн болгон
10 октябрь

Алайда 39 жаштагы эркекти өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү фактысы тергелүүдө: ага зомбулук көрсөтүлүшү мүмкүн болгон

2026-жылдын 17-июнь күнү Алай РИИБге Алай районунун тургуну 2008-жылы туулган С.Н. аттуу жаранга 1987-жылы туулган К.Р. аттуу жаран түшүнүксүз сөздөрдү вотсап тиркмеси аркылуу жазып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Анын жүрүшүндө окуяга тиешеси бар делген жарандар тергөө кызматына жеткирилип, суракка алынып, өз көрсөтмөлөрүн беришкен.

Текшерүүнүн жүрүшүндө чогултулган материалда 1987-жылы туулган К.Р.нын аракетинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренесинде (Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) каралган кылмыш белгилери айкын байкалат. Бирок, 2026-жылдын 17-июнь күнү Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычындагы суудан 1987-жылы туулган К.Р.нын жансыз денеси табылгандыгына байланыштуу үстүнөн теркшерилип жаткан тергөөгө чейинки текшерүү иши Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунун негизинде кылмыш иш козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган.

Бул факты боюнча маркум К.Р.нын жубайы 1989-жылы туулган М.А. арыз менен кайрылып, анда жолдошу К.Р.га А.К. жана Д.К. аттуу жарандар зомбулук көрсөтүшүп, денесине жарат келтиришип, ошонун айынан жолдошу каза болгондугун билдирген.

Окуянын бардык жагдайларын ар тараптуу, толук жана объективдүү аныктоо, маркумдун өлүмүнүн анык себебин аныктоо максатында тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Чогултулган материалдын жана экспертизанын корутундусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ал эми окуя боюнча милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү Н.Н. аракетине баа берүү үчүн Алай райондук прокуратурасы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 367-беренесинин (Кылмышты жаап-жашыруу) негизинде кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Н.Н. 2026-жылдын июль айында өз каалоосу менен ИИОнун катарынан жумуштан кеткен.
Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы