2035-жылга чейин Борбор Азиянын аэропортторун өнүктүрүүгө $5,1 млрд инвестиция салуу пландалууда
сүрөт: depositphotos.com
10 октябрь

2035-жылга чейин Борбор Азиянын аэропортторун өнүктүрүүгө $5,1 млрд инвестиция салуу пландалууда

Борбор Азияда аэропортторду өнүктүрүү боюнча жалпы наркы 5,1 млрд долларды түзгөн 12 ири долбоор ишке ашырылууда же пландалууда. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) баяндамасында айтылат.

Долбоорлор 2035-жылга чейинки мезгилди камтып, аймактагы өлкөлөрдүн аэропорттук инфраструктурасын модернизациялоону жана кеңейтүүнү карайт.

2026-жылдын ортосуна карата Борбор Азиянын аба транспорту тармагына топтолгон түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 1,4 млрд долларга жеткен.

ЕӨБ белгилегендей, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуунун өсүшү жаңы терминалдарга гана эмес, кампаларга, учактарга, техникалык тейлөө борборлоруна, май куюучу комплекстерге жана башка инфраструктуралык объектилерге болгон суроо-талапты да жогорулатууда.

Учурда аймакта ири улуттук жана жеке аэропорт операторлору иш алып барууда. Алардын катарында мамлекеттик «Кыргыз аэропорттору» ачык акционердик коому бар. Компаниянын кирешеси 2024-жылы 100 млн доллардан ашкан.

ЕӨБдүн аналитиктеринин пикиринде, авиация рыногун мындан ары өнүктүрүү үчүн жаңы инвестициялар менен катар жөнгө салуу механизмдерин өзгөртүү, «ачык асман» саясатын кеңейтүү, авиакомпаниялардын рынокко кирүүсүн жеңилдетүү жана тармакты санариптештирүүнү улантуу зарыл.