Садыр Жапаров: Чүй облусу — өлкөнүн стратегиялык маанилүү аймагы
президенттин администрациясы
10 октябрь

Садыр Жапаров: Чүй облусу — өлкөнүн стратегиялык маанилүү аймагы

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда, Чүй облусунун 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Кутман кечиңиздер менен, кадырлуу мекендештер!

Кең Сары-Өзөн Чүйдүн кымбаттуу тургундары жана ардактуу меймандары!

Байыркы Жибек Жолу аралап өткөн Сары-Өзөн Чүй – айтылуу Баласагын, Суяб, Ак-Бешим, Жүл сыяктуу тарыхый шаарлардын таржымалын ичине катып, доордон доорго өткөрүп келет.

Кыргызстандын соңку тарыхынын өзөгү да Сары-Өзөн Чүйдүн 100 жылдык басып өткөн жолу менен даңазалуу.

Бүгүнкү эгемен Кыргызстандын пайдубалын түптөгөн журт аталары дал ушул Чүй боорунда биригип, мамлекеттүүлүк үчүн кара баштарын баталгыга байлап, тагдыр чечер чечимдерди кабыл алууга канын-жанын арнашкан. Эсилдердин көбүнүн сөөгү дал ушул Чүй бооруна жашырылган.

Чүй өрөөнүнүн символу болгон Бурана да, Ата-Бейит да ошол улуу тарыхтын үнсүз күбөлөрү.

Мына ошол Кыргызстандын жаркын келечегине байланышкан окуялардын чордонуна айланган кең Сары-Өзөн бүгүн да жети дубандагы элдин, 80ден ашык этностун өкүлдөрүн койнуна батырып, ынтымактын, достуктун жана токчулуктун үлгүсүнө айланып, кут-берекесин төгүп келе жатат.

Демек, Чүй облусунун 100 жылдык маарекеси жалпы кыргызстандыктардын жаркын майрамы!

Ошондуктан бардык мекендештеримди Чүй облусунун 100 жылдык маарекеси менен чын дилимден куттуктаймын!

Урматтуу мекендештер!

Улуу “Манас” дастанында:

“...Жылтырканы, шыбагы,

Жаныбарым Сары-Өзөн,

Жылып аккан булагы.

Өзөндөн муздак жел толгон,

Өлчөсөң бейиш жер болгон...”, - деп айтылгандай, кең Сары-Өзөн – 18-19-кылымдарда жашап өткөн Жайыл, Нышаа, Түлөберди, Бишкек, Жаманкара, Жангарач бий, Байтик, Шабдан баатыр сыяктуу кыргыздын чыгаандарын өстүргөн касиеттүү жер. Алардан берки Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков аталарыбыз Кара-Кыргыз автоном облусун түзгөндөрдүн башында болуп, мамлекетибиздин пайдубалын түптөшкөнү жалпыга жакшы маалым.

Улуу таланттар Осмонкул Бөлөбалаев, Аалы Токомбаев, Сагынбек (Сарыкунан) Дыйканбаев, Алыкул Осмонов, Абдылас Малдыбаев, Улуу Ата Мекендик согушта от кечкен Дүйшөнкул Шопоков, төкмөлүк өнөрдү биздин муунга өткөрүп калгандардын бири Ашыраалы Айталиев, кезинде кыргыз өңүн алып жүргөн Сүймөнкул Чокморов, Асанкан Жумакматовдун киндик каны да дал ушул куттуу жерге тамган. Советтер Союзу учурунда көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер Султан Ибраимов, Акматбек Сүйүнбаев, азыр да арабызда ардактуу аксакалыбыз болуп отурган Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов абаларыбыз дал ушул Сары-Өзөн Чүйдүн кулундары.

Кыргыздын кыйын кыздарынын сап башында турган Кыргыз ССРнин алгачкы тышкы иштери министри Сакин Бегматова, кезинде кыргыз маданиятын жогорку деңгээлге жеткирген министр Күлүйпа Кондучалова, “төкөлдөштүн төрт кызы”аталган СССРдин эл артисттери Сайра Кийизбаева, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова жана Кыргыз эл баатыры Сабира Күмүшалиева, Социалисттик Эмгектин Баатырлары – Зууракан Кайназарова, Күлсара Сулайманова, Керимбүбү Шопокова, бүгүнкү биздин сыймыктарыбыз ССРдин эл артисттери Самара Токтакунова, Кайыргүл Сартбаева эжекелербиз да Сары-Өзөн Чүйдүн кыздары. Чүйдөн чыккан атактуулардын атын атай берсек, учугу түгөнчүдөй эмес, ысымдары аталбай калган агай-эжелер болсо капа болбойсуздар деп ойлойм.

Урматтуу агайын-туугандар!

Бир кылым – 100 жыл! Бул – далай оош-кыйыштуу орошон окуялар өткөн, карт тарых барактарын толтурган өзүнчө бир доор.

Ошентип Чүй өрөөнүнүн жер кадырын билген дыйканы, жаш муунга тарбия берген мугалими, өмүрдүн, ден соолуктун кадырын билген дарыгери, өндүрүшүн алдыга жылдырган карапайым жумушчусу, жаңы идеяларга жана энергияга бай жаштары жана жалпы эле облустун эмгекчил калкы Чүйдүн 100 жылдык даңктуу тарыхын жаратышты.

Мына ошол улуу муундун мээнеткечтигин, алысты көрө билген көсөмдүгүн, мол тажрыйбасын баалап-барктап, келечек муундар үчүн татыктуу мурас калтыруу — биздин жалпы милдетибиз. Өлкө тагдырын чечкен ири окуялар, зор ийгиликтер, албан жетишкендиктер үчүн биз аларга башыбызды ийип таазим кылабыз.

Мындан улам, Чүйдүн 100 жылдык байсалдуу жолу менен маарекесин белгилөө – өткөн тарых-таржымалыбызды эскерүү гана эмес, келечекке жаңы максаттарды коюунун башаты болууга тийиш. Анткени өтмүштү билмейин, эртеңки келечекти аныктоо кыйын.

Архивдик документтерге ылайык, 1926-жылы “Автономдуу Кыргыз облусунун административдик бөлүнүшү жөнүндө” токтомдун негизинде жети кантон уюштурулуп, алардын бири катары Чүй кантону түзүлүп, анын административдик борбору Фрунзе шаары болгон. Бул тарыхый факт Чүй аймагы 1926-жылдан тартып мамлекеттик башкаруу системасында өз алдынча административдик-аймактык түзүлүш катары иш алып баргандыгын тастыктайт.

Бүгүнкү күндө Чүй облусу Кыргызстандын социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлеген, мамлекеттүүлүктүн жана административдик-аймактык башкаруу системасынын калыптанышында чечүүчү роль ойногон стратегиялык маанидеги аймак болуп саналат.

Облустун индустриалдык-агрардык потенциалы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда, кайра иштетүүчү өнөр жайды жана инфратүзүмдүк тармактарды өнүктүрүүдө маанилүү орунду ээлейт. Муну менен дээрлик бардык тармак боюнча мамлекетибиздин локомотиви десек жаңылышпайбыз.

Анын бир эле мисалы, берекелүү Чүй өрөөнү быйыл жалпы республика боюнча жалпы өндүрүштүн басымдуу үлүшүн берди. Ошого жаараша регионду өнүктүрүү багытында алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Мына быйыл Турукташтыруу фондунан Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү. Ал каражатка облустун аймагында жаңы социалдык объектилер курулуп, өндүрүш ишканалары ачылды.

Биздин экономикалык алга жылууларыбыз албетте, куштун эки канатындай болуп, маданий иш-аракеттер менен да коштолушу абзел. Буюрса, Түлөберди баатырга арналган илимий иш-чара, кыргыздын биринчи муундагы залкарлары жетилип чыккан Токмоктогу жетим балдар үйүн калыбына келтирип, маданий-билим берүү жайына айлантуу, Сүймөнкул Чокморов агабыздын Чоң-Таштагы үйүн үй-музейге айландыруу жана башка бир топ иш-мерчемдерибиз бар.

Чүй облусу заманбап инфратүзүмү бар, инвестиция тартуу үчүн жагымдуу, өндүрүшү күчтүү, айыл чарбасы технологиялык жактан өнүккөн, туризми жандуу, маданий-тарыхый эстеликтерге бай жана жаштар үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн асыл аймак.

Мындай мүмкүнчүлүк менен биз келечекте мындан да зор бийиктиктерге жетишүүгө тийишпиз. Көп этностуу, биримдиктүү эли, берекеси төгүлгөн жери менен Чүй облусунун жалпы республиканы алдыга сүйрөй турган социалдык-экономикалык борбор кызматын алдыга сүрөө өтө маанилүү.

Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн ар бирибиз өз салымыбызды кошолу. Анткени облустун өнүгүүсү — бир гана мамлекеттин колдоосунан эмес, ар бир жарандын кошкон салымы менен да ишке ашат.

Бүгүнкү салтанаттуу жыйындын урматтуу катышуучулары!

Сары-Өзөн Чүйдүн ардактуу жарандары, кадырлуу аксакалдар!

Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси – бүгүнкү майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктаймын!

Тамыры терең, тарыхы кенен, эмгекке жакын эли бар, берекелүү жери бар, кут даарыган Чүй облусу мындан ары да өсүп-өнүгүп, жалпы журтубуздун бакубат жашоосуна кызмат кыла берсин!

Жети дубан эли менен Кыргызстаныбыз өнүгүп-өсүп, өлкөбүздүн келечеги кең болсун!

Чүй облусунун 100 жылдык мааракеси баарыбызга кут болсун!

Көңүл бурганыңыздар үчүн ыракмат!”.