Кыргызстанда бир жумада 25 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстанда 27-январдан 2-февралга чейинки аралыка 25 миң 87 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-664;
- Мас абалында автоунаа башкаруу -309;
- Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-81;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-1 686;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-4 384;
- Автоээнбаштык -68;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4 042;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 6;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –11 298;
- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 549 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
