Жети-Өгүз райондук мамлекеттик архивинин жаңы имараты ачылды
1 август

Жети-Өгүз райондук мамлекеттик архивинин жаңы имараты ачылды

31-июлда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда райондук мамлекеттик архивдин жаңы, заманбап имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

​Иш-чарага Архив кызматынын төрагасы Нуркыз Базарбаева, региондук башкармалыктарынын жетекчилери, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетекчилиги жана эмгек ардагерлери катышышты.

​Тарыхы: Жети-Өгүз райондук архиви 1977-жылы Саруу айылындагы эски мектепте негизделип, кийин Покровка айылдык Советине, андан соң 1998-жылдан бери «Солнышко» бала бакчасынын имаратында жайгашып келген.

Жаңы имарат: 45,1 млн сомдук долбоор боюнча заманбап климат-контроль жана өрткө каршы системалар менен курулуп, толук жабдылды.

Архивдик фонд: 1928–2021-жылдарга таандык 238 фонд жана 36 510 сактоо бирдиги сакталууда.

​Иш-чаранын алкагында Архив кызматынын Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан Жети-Өгүз районунун өсүш тарыхын жана Жети-Өгүз райондук мамлекеттик архивинин ишмердүүлүгүн чагылдырган кеңири сүрөт көргөзмөсү да уюштурулду.