2024-жылы Нарын облусунда 114 өрт кырсыгы катталган
15 февраль

2024-жылы Нарын облусунда 114 өрт кырсыгы катталган

2024-жылы Нарын облусунун аймагында 114 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу КР ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Эрнис Дыйканбаев Нарын облусунун Жарандык коргонуусунун 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана 2025-жылга милдеттери боюнча жыйында айтты.

Анын айтуусуна караганда, чыгым 44 млн 975 миң 557 сомду түздү.

Өрттүн чыгуу себептери төмөндөгүдөй аныкталган:

  • балдардын от менен ойноосунан – 18 өрт;
  • тамеки тартуудагы этиятсыздыктан – 8 өрт;
  • электр жабдууларын техникалык жактан колдонуудагы бузулушунан – 49 өрт;
  • от жагуучу мештердин, түтүн чыгуучу морлордун туура эмес салынышынан – 18 өрт;
  • ачык отту туура эмес пайдалануудан – 21 өрт.