Талас облусунда 21 миңден ашуун «акылдуу» эсептегич орнотулду
15 июль

Талас облусунда 21 миңден ашуун «акылдуу» эсептегич орнотулду

«КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасы Талас облусунун аймагында электр энергиясын автоматташтырылган эсепке алуу системасын киргизүү боюнча иштерди улантууда.

Бүгүнкү күндө облустун төрт районунда — Айтматов, Манас, Бакай-Ата жана Талас райондорунда — пландалган 35 688 даана акылдуу эсептегичтин ичинен 21 370 даанасы орнотулуп бүттү.

Бакай-Ата району

  • Пландалган 7 800 даана эсептегичтин ичинен — 5 981 даанасы орнотулду.

Айтматов району

  • 11 360 даана эсептегич пландалып, анын 6 098 даанасы орнотулду.

Талас району

  • 11 328 даана эсептегичтин ичинен — 6 586 даанасы ийгиликтүү орнотулду.

Манас району

  • 5 200 даананын ичинен — 2 705 даанасы туташтырылды.

Акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери этап-этабы менен уланууда. Жаңы эсептегичтер электр энергиясын так эсептөөгө, бузулууларды өз убагында аныктоого, жоготууларды кыскартууга жана керектөөчүлөр үчүн төлөм процесстерин жөнөкөйлөтүүгө жардам берет.