Жалал-Абад облусунун башчысы Таш-Көмүр шаарындагы жол жээгин иретке келтирүүнү тапшырды
26 февраль

Жалал-Абад облусунун башчысы Таш-Көмүр шаарындагы жол жээгин иретке келтирүүнү тапшырды

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Таш-Көмүр шаарынын аймагынан өткөн Ош-Бишкек автожолунун 450-чакырым аралыгында жайгашкан соода жайларын жана тейлөө объектилерин иретке келтирүү тапырмасын берди. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Ыйгарым укуктуу өкүл шаар мэрине жол жээгине мыйзамсыз чыккан соода түйүндөрүн жылдыруу, жарандардын коопсуздугун сактоо жана айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык келтирүү зарылдыгын эскертти.