Бишкекте жер үстүнөн өтмөктүн чатыры оңдолду
10 октябрь

Бишкекте жер үстүнөн өтмөктүн чатыры оңдолду

Бишкектин Свердлов районунда көрктөндүрүү иштери уланууда.

Аламүдүн базарынын аймагындагы жер үстүнөн өтмөктүн чатыры оңдолуп,  айнекти сырдоо жана жууп тазалоо  иштери жүргүзүлдү. Буга чейин  жаан-чачында чатырдан суу  агып жаткан.

Оңдоо  иштери жакшыртуу максатында «Тазалык» ишканасы тарабынан жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, жер үстүнөн өтмөк 2017-жылы курулуп, андан бери эч кандай оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Узундугу 33 метр, туурасы 3 метр, бийиктиги 5 метрди түзгөн өтмөк светодиоддук чырактар менен жабдылган.