Таласта мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен 18 сотых жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
15 июль

Таласта мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен 18 сотых жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, Талас шаарынын мэриясынын мурдагы айрым кызмат адамдары, алдын ала макулдашып, жеке адамдарга артыкчылыктарды берип, муниципалдык жер участогунун баасын атайын азайтып, 18 сотых жер тилкесин 369 000 сомго (2015-жылы) мыйзамсыз сатып жиберишкендиктен, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилгени аныкталган. Ошол учурда жер тилкесинин баасы 2 508 700 сомго бааланган.

Аталган факты боюнча, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Талас облусу боюнча ички иликтөө тобу жана Талас ОИИБдин Тергөө кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн тергөө-ыкчам иш-аракеттеринин негизинде, Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы К.Т.С. жана жаран О.А.Ж. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө азыркы баасы 6 865 850 сомго бааланган, мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен 18 сотых жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Учурда кошумча тергөө аракеттери жүргүзүлүдө.