Кожомкул айылында көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды
Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформа жана энергетика тармагын жаңылоого багытталган иш аракеттердин алкагында бир катар иштер аткарылууда.
Ведомстводон билдиришкендей, Сокулук районунун Кожомкул айылында жайгашкан 35/10 кВ "Военно-Антоновка" көмөк чордонунда 6300 кВА кубаттуулуктагы трансформатор 16000 кВА кубаттуулуктагы трансформаторго "КУЭТ" ААКнын филиалы Чүй ишканасынын кызматкерлери тарабынан алмаштырылды.
Тактап айтканда, аталган көмөк чордон 1975-жылы курулуп, ишке берилген. Андагы трансформатордун кубаттуулугу болгону 6300 кВАны түзгөн. Учурдагы жаңылоодон кийин көмөкчордонго 9700 кВА кубаттуулук кошулду. Капиталдык курулуш жана жабдыктарды жаңылоо иштери Энергетика министрлиги менен Дүйнөлүк банктынортосундагы келишимдин негизинде ишке ашырылып жатат.
Бул иштер келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү, Кожомкул айылынын жашоочуларын ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылуу жана тейлөө сапатын жакшыртуу үчүн жасалууда.
Маалымат катары: Кожомкул айылында жайгашкан 35/10 кВ “Военно-Антоновка” көмөк чордону 1975-жылы ишкекиргизилген. Көмөк чордон Сокулук районунун Кожомкул айылын толугу менен электр энергиясы менен камсыздайт.
