Чычкан дарыясына унаа кулап, өзбекстандык жаран каза болду
27 июнь

Чычкан дарыясына унаа кулап, өзбекстандык жаран каза болду

Токтогул районунда Чычкан дарыясына унаа кулап кеткен кырсыктан кийин дайынсыз болгон Өзбекстандын жаранынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 22-июнда болгон. Унаанын ичинде үч эркек жана 45 жаштагы аял болгон.

Эркектер унаадан өз алдынча чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн. Ал эми аялды Чычкан дарыясынын катуу агымы агызып кеткен.

Издөө-куткаруу иштери төрт күнгө созулуп, анын жыйынтыгында ӨКМ кызматкерлери каза болгон аялдын сөөгүн таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.