Ылдыйкы Тар жана Быстровка ГЭСтеринин ТЭНнин түзүүгө компания тандалууда
2025-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги ишке ашырып жаткан KRED долбоорунун алкагында «Чакан ГЭС» ААК Ылдыйкы Тар ГЭСин курууга жана Быстровка ГЭСин реконструкциялоого техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыгуу боюнча консультациялык кызматтарга тендер жарыялаган.
Аталган тендерге жалпы 21 компания кызыгуусун билдирип, ичинен маалыматты толук берген 5 компания тандалып, Дүйнөлүк банкка макулдашууга жөнөтүлдү.
1- Алдына ала түзүлгөн ТЭНге ылайык Ылдыйкы Тар ГЭСинин кубаттуулугу 19 МВт түзөт. Бул ГЭС Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тар дарыясында жайгашкан.
2- Ал эми кубаттуулугу 8,7 МВт түзгөн Быстровка ГЭСинин турбинасынын натыйжалуулугу, болжол менен, 16-18% жогорулап, жылына 7,2 млн. кВт.саат кошумча электр энергиясын чыгаруусу күтүлүүдө.
Эске салсак, Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасына Ылдыйкы Тар ГЭСин курууга жана Быстровка ГЭСин реконструкциялоого үстөк пайызсыз (0%) 43,2 млн.$ кредитти 50 жылга, анын ичинен 10 жылды жеңилдетүү мезгили катары берген. Бул долбоорлорду ишке ашыруу электр энергиясынын тартыштыгын жоюуга жана республиканын гидроэнергетикалык потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошууда.
