Кыргызстанда юридикалык жактарды каттоодо жаңыланган эрежелер күчүнө кирди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобонун (2026-жылдын 17-апрелиндеги № 257 Токтому) жаңы редакциясын бекитти. Кабыл алынган документ системаны комплекстүү модернизациялоого жана бизнести баштоо жана жүргүзүү үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Жаңы киргизилген өзгөртүү — фирмалык аталышты өз алдынча текшерүү жана резервдөө мүмкүнчүлүгү. Эми ишкерлер муну маалыматтык система аркылуу онлайн жасай алышат, бул мамлекеттик органдарга жеке баруу зарылдыгын азайтып, коррупциялык тобокелдиктерди жокко чыгарат.
Жаңыланган Жобо АЧИЧТтын жана Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча Евразия тобунун сунуштарын эске алат. Тактап айтканда, бенефициардык менчик ээлери жөнүндө маалымат берүү тартиби күчөтүлдү. Мындан тышкары, иштебеген юридикалык жактарды реестрден автоматтык түрдө чыгаруу механизми киргизилди, бул экономикалык талааны «жалган» компаниялардан тазалоого жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Юстиция министрлиги арыз ээлеринин көңүлүн маанилүү юридикалык аспектке бурат: жаңы нормаларга ылайык, документтер туура эмес берилгендиктен каттоодон, кайра каттоодон же ишмердүүлүгүн токтотуудан баш тартылган учурда, төлөнгөн мамлекеттик жыйымдар жана төлөмдөр кайтарылып берилбейт. Бул чара арыз ээлеринин тартибин жана каттоо документтерин даярдоонун сапатын жогорулатууга багытталган.
Бул Жобону кабыл алуу масштабдуу дебюрократизациялоо процесстери жана мамлекеттин жарандар менен өз ара аракеттенүүнүн сервистик моделине умтулуусу менен шартталган. Документтин толук тексти жана жаңы эрежелер менен КР Юстиция министрлигинин расмий сайтынан төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот:
https://cbd.minjust.gov.kg/
