Аз күндө Кызыл-Таш-Зардалы көпүрөсү пайдаланууга берилет
24 декабрь

Аз күндө Кызыл-Таш-Зардалы көпүрөсү пайдаланууга берилет

Кыргызстанда курулуш тармагына 2025-жылы 40,2 миллиард сом багытталды, бул өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе көп. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“2021-жылдан бери Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан 9250 үй-бүлө турак жай менен камсыз болушту. 2025-жылдын 11 айында 4 662 үй-бүлө батир алышкан. Учурда 73 357 батир курулуп жатат. Жыл соңуна чейин Бишкектеги “Мурас” турак жай комплексиндеги 1 082 батирлүү 8 үйдүн курулушу аяктайт”, – деди төрага.

Ошондой эле бул жылы Баткендеги алыскы айыл Зардалынын жолу толук оңдоодон өткөрүлгөнүн, Кызыл-Таш-Зардалы көпүрөсү курулганын белгиледи.

“Жакынкы күндөрү президент Садыр Жапаров көпүрөнүн ачылышын жасайт”, – деди.