УКМК төрагасынын орун басары Кыргызстанда ТикТок кайрадан ачылышы мүмкүндүгүн айтты
www
4 июнь

УКМК төрагасынын орун басары Кыргызстанда ТикТок кайрадан ачылышы мүмкүндүгүн айтты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Кыргызстанда ТикТокту жабуу аракети мыйзамсыз, соттун чечими жок эле ишке ашканын билдирди. 

Ал бул платформа ишкерлер үчүн пайдалуу экенин белгилеп, кайрадан ачып берүүнү суранды. 

УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев бул маселе депутат тарабынан ушуну менен бир нече жолу көтөрүлгөнүн белгилеп, убагында ТикТокту жабуу депутаттар тарабынан демилгеленгенин эске салды. 

Айтымында, 2023- жана 2025-жылы демилгеленген мыйзам долбоорунун 2-беренесинде: “...балдардын психикалык саламаттыгына, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүлөрдүн алдын алуу чаралары” катары аталган соцтармакты жабуу көрсөтүлгөн. 

“Ошол эле мыйзам долбоорунун 90-пунктунда бизге тапшыра берип жатасыздар – балдар арасында таратууга тыюу салынган же чектөө коюлган маалыматтарга чектөө койгула. Туура эмес контент ТикТок аркылуу таратылып жатканы айтылган. Ошондон улам убактылуу чектөө коюлган. Сиздер мыйзам долбоорун кабыл алып берсеңиздер, биз атайын жабдыктарды алып, туура эмес контент таратып жаткандарга чектөө койгондон кийин, Кудай буйруса, ТикТокту толук бойдон ачып беребиз”, - деди Эрбаев.