Депутат: Бишкектеги Ленин району АТРдин алкагында эки эсе чоңойду, бирок инфраструктурасы мурдагы бойдон
Депутат Жылдыз Садырбаева Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Бишкектеги Ленин районунун маселесин көтөрдү.
Анын айтымында, аталган район административдик-аймактык реформанын алкагында аяты жагынан эки эсеге чоңойду. Бирок мектеп, бала бакча сыяктуу инфраструктура өскөн жок, райондун калкынын мурдагы санына ылайыкташкан бойдон калууда.
“Ички миграция Ленин районунда көп, анткени түштүк тарабында жер көп жана арзан. Анын негизинде калктын саны абдан өстү. А инфраструктура мурдагы бойдон. Калктын билим алууга, бала бакчага жеткиликтүүлүгү азайды. Бул багытта кандай иштерди жасап жатасыздар?” – деди ал Агартуу министрлигинин өкүлдөрүнө кайрылып.
“Ленин районунда ички миграция көп. Эл жыш жайгашкан...” – деп сөзүн баштаган агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекованы депутат токтотту:
“Мен аны жакшы билем. Мага ошол маселени чечиш үчүн кандай конкреттүү иштерди жасап жатасыңар, ошону так айткыла! Сөздү узартпагыла, кандай маселелер бардыгын мен силерсиз да билем”.
Жусупбекова мэрия, департамент менен байланышып, депутатка кат жүзүндө так жооп берээрин билдирди.
Садырбаева Бишкектеги Тойгонбаев көчөсү – 81 дарегиндеги “Мечта” аталыштагы бала бакча тууралуу сурады. Айтымында, ошол аймакта жашаган тургундар бала бакчага балдарын каттоого тургуза алышпайт, короосуна эч кимди киргизбейт жана дайыма жабык турат.
“Бул эмне деген бала бакча?” – деп сурады депутат.
Бирок жооп болгон жок.
