Сел жүрөт! ӨКМ чукул билдирүү таратты
7 август

Сел жүрөт! ӨКМ чукул билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. 

Маалыматка ылайык, 8-августта туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Синоптиктер бул күндөрү тоолуу аймактарда эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болуу сунуштайт.

"Арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз. Кандайдыр бир кырдаалга кабылсаңыз токтоосуз түрдө «112» кызматына билдирсеңиз болот. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат", – деп айтылат маалыматта.