3-октябрында «Шалта – Чат-Көл» №944 жаңы каттамынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү
4 октябрь

3-октябрында «Шалта – Чат-Көл» №944 жаңы каттамынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү

2025-жылдын 3-октябрында «Шалта – Чат-Көл» №944 жаңы каттамынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Бул каттамдын ачылышы жергиликтүү калк үчүн маанилүү окуя болуп, айрыкча айыл тургундарынын жүрүп-туруу шарттарын жеңилдетип, транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртат. Жаңы каттам Шопоков шаардык кеңешинин төрагасы Адылбек Бекболотовдун демилгеси менен ачылып, Гавриловка айылдык кеңешинин, Кайназаров айылдык кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн, ошондой эле Шопоков шаарынын мэриясынын жана «Шопоков-Унаа» муниципалдык ишканасынын колдоосу менен ишке ашырылды.

Жарандарды ташуу милдетин «Шопоков-Унаа» МИ аркалуу жүргүзүү пландалууда, бул туруктуу жана ишенимдүү каттамдын камсыз болушуна өбөлгө түзөт.

Салтанаттуу иш-чарага Шопоков шаарынын мэри Р. Норузбаев, шаардык кеңештин төрагасы А. Бекболотов, Гавриловка айылдык кеңешинин төрагасы Ы. Нааматов, шаардык кеңештин депутаттары К. Жээнчороев жана К. Калиев, активисттер Б. Алымбеков , МП директору У. Шекимбаев, ошондой эле Шалта айылынын тургундары катышышты.

Айыл эли бул каттамдын ачылышын кубануу менен тосуп алып, күнүмдүк жашоодо жана коңшу айылдар менен байланышта чоң жеңилдик жаратарын белгилешти.