Сак болуңуз! Толуу аймактарында кар көчкү жүрөт
Чоң-Ашуу ашуусунда шамалдын күчөшүнө байланыштуу бүгүн жана эртең кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, кар көчкү коркунучу бар аймактардан өткөн жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо талап кылынат. Мүмкүн болсо, Каракол-Эңилчек жолунда унаа айдабаңыз жана жайыттарда мал багбаңыз.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унааңызда күрөк, биринчи медициналык жардам кутучасын жана ысык сууну алып жүрүүнү сунуштайт.
