Чоң Нарын каналындагы 3 көпүрө капиталдык оңдоодон өтөт
Нарын шаары аркылуу өткөн Чоң Нарын каналындагы 3 көпүрө капиталдык оңдоодон өтүп, атайын долбоорго ылайык кеңейтилип курулат.
Нарын шаардык мэриясы тарабынан көпүрөлөрдү оңдоо боюнча долбоору жасалып,Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасынын каржылоосунда аткарылат.
Учурда тийиштүү курулуш жабдуулары алынып келинди жана атайын долбоор менен кайра жаңы куруу иштерин март айында баштоо пландалууда.
Шаардын Төш Булак, Ак -Коргон жана Жайлоо бак кичи аймактарына курулуучу көпүрөлөрдүн ар биринин наркы 2 млн 759 миң сомго бааланган.
