
Энергетика министрлиги ГЭСтерди көрүүнү каалагандар үчүн экскурсия уюштурду
Энергетика министрлиги күн мурун ири ГЭСтердин иштешин, жаңыланган гидроагрегаттар жана электр энергиясынын өндүрүү процессин өз көзү менен көрүүнү каалагандар үчүн бекер экскурсия уюштурду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Экскурсияга Жалпыга маалымадоо каражаттары, эксперттер, энергетиктер, блогерлер, активисттер, мугалимдер, волонтерлор, компания жетекчилери, жөнөкөй жарандар ж.б тактап айтканда энергетика тармагына кызыккандар барышты.
Жалпысынан алганда 100гө чукул адам барды. Дагы кызып, катталууну каалганар арбыды, бирок ГЭСтер өлкөнүн стратегиялык обьектилери болгондуктан, жарандардын коопсуздугун эске алуу менен чектелүү гана адамдарды киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Экскурсиянын катышуучулары:
1. «Камбар-Ата-2» ГЭСнин ички жана сырткы көрүнүшү, №2-гидроагрегатын ишке киргизүү үчүн кайрадан конкурстук өткөрүлгөндүгү, конкурстук сунуштарды баалоо боюнча отчеттор Консультант тарабынан даярдалып, Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондуна макулдашууга жөнөтүлгөндүгү тууралуу маалымат алышты. Учурда аткарылып жаткан иштер, алдыдагы пландар тууралуу маалымат алышты.
2. «Камбар-Ата-1» ГЭСти курууга болгон даярдык иштеринин жүрүшү, аткарылып жаткан иштери, салынып жана бетондолуп жаткан жолдор, жумушчулар үчүн курулуп жаткан шаарча, тартылып жаткан аба чубалгылары, курулуп жаткан көпүрө, казылып бүткөн тоннел, ГЭСтин курула турган жери, курулгандан кийинки электр энергиясын өнүдүрүүгө болгон пландык иштер тууралуу жеринде маалымат алышты.
Мындан тышкары кылым долбоору «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга болгон даярдык иштери аяктоо алдында турат. Камбарата-1 ГЭСин куруу долбоорунун 2014-жылы иштелип чыккан ТЭНин актуалдаштырууга сынак өткөрүлүп, аткаруучу менен келишим түзүлүп, иштер аткарылууда. Бүгүнкү күнгө карата ГЭСтин плотинасынын тиби аныкталды. Өкмөт тарабынан 1,555 млрд сом бөлүнгөн анын ичинен курулуш иштерине 1,480 6 млрд сом бөлүнгөн. Калган суммасы долбоорлоо иштерине жумшалды.
Долбоорду ишке ашырууга Дүйнөлүк банк тарабынан мурда бөлүнгөн 5 млн АКШ долларына кошумча дагы 13,6 млн доллар бөлүнүп берилди. Дүйнөлүк банк тарабынан дагы уч мамлекетке (Кыргызстан. Казакстан, Озбекстан) 1,5 млрд доллар бөлүп берүү маселеси каралууда.
3-Токтогул ГЭСне кирип, жаңыланган гидроагрегаттарды көрүп, ГЭСтин иштөө процесси, электр энергиясынын өндүрүлүү жолдору, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү жана анын энергетикадагы ролу тууралуу маалымат алышты.
Мындан тышкары энергетиктердин калк үчүн кылган кызматы, алык маянасы, жумуш гарифиги, энергетика тармагында аткарылып жаткан иштери, алдыдагы пландары, энергетикалык тартыштык, тариф, алтернативдүү булактар тууралуу кызыктуу суроолор берилип, КРнын энергетика министри Таалайбек Ибраевден жана тийиштүү жетекчилерден жеринде факты менен жооптор алынды.
Экскурсиянын катышуучулары ГЭСтерди көрүп, кызыгуулары артып, бул мүмкүнчүлүктү түзүп берген Энергетика министрлигине ыразычылыктарын айтып, позитив маанайда ийгиликтүү барып келишти.
Энергетика министрлиги тармактагы маселелериге кызыгып, фактыларды жеринде билүүнү каалагандар үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүп, барып келген чыгымдар Министрлик тарабынан каржыланды.