Бишкекте Кыргызстан менен Катардын ТИМдери ортосунда 3-саясий консультациялар болуп өттү
19 ноябрь

Бишкекте Кыргызстан менен Катардын ТИМдери ортосунда 3-саясий консультациялар болуп өттү

Бишкек шаарында 19-ноябрда Кыргыз Республикасы менен Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы Үчүнчү саясий консультациялар болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМ билдирет.

Делегацияларды Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов жана Катар Мамлекетинин тышкы иштер министринин орун басары доктор Ахмад бин Хасан Аль-Хаммади жетектеди.

Консультациялардын жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын, ошондой эле жакынкы аралыкта өз ара аракеттенүү пландарын, анын ичинде эң жогорку жана жогорку деңгээлдерде сапарларды уюштурууну талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар кол коюлган документтерди ишке ашыруу, ошондой эле эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Эл аралык жана аймактык күн тартиби боюнча жемиштүү пикир алмашуу болуп, БУУнун, ИКУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүүгө даяр экендиги тастыкталды.

Тараптар жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын жана Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда үзгүлтүксүз эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү жөнүндө өз ара макулдашууга жетишти.