Айдоочулардын эсине! Тоолуу райондордо кар көчкү коркунучу жогору
Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет.
Тоолуу райондордл жана төмөнкү унаа жолдорунда:
- Ала-Бука — Жаны-Базар — Кировка унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);
- Красная-Горка — Акташ унаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
