
Бишкек – Ош унаа жолуна кар көчкү түшүп, "Сосновка" посту эки тараптуу жабылды
Бишкек – Ош унаа жолунун 127-чакырымында бүгүн, 22-январда болжол менен саат 16:15те ка көчкү түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жерине эки жүктөгүч тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
"Кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу "Сосновка" постунда унаалардын бардык түрүнө эки тараптуу убактылуу чектөө киргизилди", - деп кошумчалашты ведомстводон.
Кырдаалды байкоо үчүн ӨКМдин Жайыл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана Тоо-кен куткаруу кызматынан 2 куткаруучу тартылды.
Кошумча маалымат берилет.