Коргоо министринин биринчи орун басары Руслан Мукамбетов: КСОР - Борбор Азиянын коопсуздугунун кепилдиги болуп саналат
Кыска мөөнөттүн ичинде ЖККУга мүчө-мамлекеттердин аскердик контингенттери согушчандар басып кирген шарттуу аймакка кайра жайгаштырылды. ЖККУнун ыкчам аракеттенүүчү жамааттык күчтөрү (КСОР) тобунун негизги милдети - Борбор Азия аймагындагы куралдуу кагылышууну жөнгө салуу боюнча биргелешкен операцияны өткөрүү.
Согушкерлердин базалык машыгуу зоналарын жана алардын жүрүү жолдорун аныктоо боюнча чалгын Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн «Суперкам» учкучсуз учуучу аппаратынын жардамы менен жүргүзүлдү.
КР ӨКМ жана ИИМдин бөлүмдөрү жергиликтүү калкты согуштук аймактардан убактылуу жайларга көчүрүү жана эвакуациялоо иштерин жүргүзүштү.
Машыгуунун жүрүшүндө Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн «Орион» учкучсуз учуучу аппараты тарабынан ракеталык, ал эми Казакстан Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Су-30СМ учактары менен душмандын негизги күчтөрүнө авиабомбалардын жардамы менен абадан сокку урулду. Буталарды жок кылууну көзөмөлдөө Россиянын "Суперкам" учкучсуз учагы тарабынан ишке ашырылды.
ЖККУнун ыкчам аракеттенүүчү жамааттык күчтөрүнүн рота-тактикалык топтору Казакстандын Ми-17 аскеринин авиациялык тик учактарынын жана Кыргызстандын Ми-8 МТВ тик учактарынын аткылоосу менен калктуу конуштарга жакындап келе жаткан ойдон чыгарылган душмандын күчтөрүн тосуу жана жок кылуу боюнча машыгууларды өткөрүштү.
Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын аскердик авиациясынын тик учактарынын тактикалык десанттык чабуулу КСОРдун рота-тактикалык топторуна калктуу конуштарды “согушкерлердин” басып алышына жол бербөө үчүн пайдалуу позицияны ээлөөгө мүмкүндүк берди. Десантчылардын аракетине Кыргыз Республикасынын Д-30 жана “МСТА-Б” артиллериялык батареялары колдоо көрсөткөн.
КСОР тарабынан тосулган калктуу конуштарга душмандын резервдик бөлүгүнүн жакындашына жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн атайын багыттагы тобунун курамы Ан-26 аскердик-транспорттук учактан тактикалык десанттык ыкмасында парашют менен кондурулду.
Калктуу аймактарды тазалоо иштерине Кыргызстан менен Беларустун атайын күчтөрүнүн топтору киришти.
ЖККУнун тез аракеттенүүчү жамааттык күчтөрүнүн активдүү аракеттеринен улам душман жок кылынды, мамлекеттик чек ара калыбына келтирилди.
Машыгууларда өзгөчө көңүл учкучсуз учактарды колдонуу жана аларга каршы туруу, ошондой эле электрондук согуштун куралдарын жана ок атуучу куралдарды биргелешип колдонууга бурулду.
Коргоо министрлиги белгиленгендей, “Эдельвейс” полигонундагы машыгуулардын өзгөчөлүгү - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн абадан коргонуу күчтөрүн жана каражаттарын жана ошондой эле Көз карандысыз Шериктеш мамлекеттердин (КМШ) Абадан кол салуудан коргонуунун биргелешкен системасынын өздүк курамын тартууда болду.
Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы – КР Коргоо министринин биринчи орун басары, генерал-майор Руслан Мукамбетовдун айтымында, машыгуулардын катышуучулары кризистик кырдаалды жөнгө салуу үчүн күчтөрдү жана каражаттарды колдонуу маселелерин ийгиликтүү иштеп чыгышты. Ошондой эле жамааттык күчтөрдүн контингенттерин күжүрмөн даярдыктын эң жогорку деңгээлине жеткирүү, топ түзүү, куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча биргелешкен иш-аракеттерди даярдоо жана өткөрүү аракеттери жасалды.
“Биздин мамлекеттердин аскер кызматкерлери талаа даярдыгын күчөтүштү. Мамлекеттерибиздин аймактарында машыгуулар өткөрүлгөндөн бери Куралдуу күчтөрүбүз аскердик боордоштукту жогорку деңгээлде чыңдоого жана заманбап чакырыктарга, коркунучтарга биргеликте каршы турууда күжүрмөн даярдыктын деңгээлин жогорулатууга жетишти.
Аны менен катар мамлекеттер аралык аскердик кызматташтыкты чыңдоодо дагы маанилүү.
Машыгуулардын жыйынтыгын чыгарып жатып, азыркы учурда КСОР ЖККУнун туруктуу даярдыктагы курамдык бөлүгү болуп саналат. Ал ЖККУ курамына кирген Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугунун жана туруктуулугунун кепилдиги катары турат”.