Бишкектин айрым жерлеринде 27-февралда ичүүчү суу болбойт
Бишкекте 27-февралда саат 10:00 - 20:00 чейин айрым аймактарда ичүүсү суу жок болот, деп кабарлайт «Бишкексууканал» МИси.
Өчүрүү району:
• Кийизбаев – Мамбетов – Курманжан Датка.
Ичүүчү сууну өчүрүү шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.
«Бишкексууканал» МИси жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.
