Чүй облусунда айыл чарба багытындагы жер тилкелерди мыйзамсыз бөлүштүрүү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кызматкерлери кармалды
7 август

Чүй облусунда айыл чарба багытындагы жер тилкелерди мыйзамсыз бөлүштүрүү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кызматкерлери кармалды

2025-жылдын 6-августунда Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жер тилкелерин өзүм билемдик менен ээлеп алууга жана мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу максатында комиссия түзүлүп, Аламүдүн районуна караштуу Василевка айылынын №578, 569, 569*, 580, 580* контурларда текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Натыйжада айыл чарба багытындагы “айдоо” жана “жайыт” жерлерге бир катар мыйзамсыз курулуштар жүргүзүлгөндүгү белгилүү болуп, мыйзам бузуу фактылары аныкталган.

Бул факт Аламүдүн РИИБге катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси (жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алуу жана курулуш жүргүзүү) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө жер тилкелер айрым депутаттар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан мыйзамсыз документтер даярдалып, курулуш жүргүзүүгө уруксат берилгени аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Чүй ОИИББнын жана Чүй облусу боюнча УКМКнын кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыш ишине шектелип 1966-жылы туулган Ш.И. аттуу айылдык кеңештин депутаты жана 1987-жылы туулган А.М. аттуу мурдагы айылдык кеңештин депутаты (Васильевка айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары) кармалып, КР ЖПКнын 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда бул кылмыш ишине катыштыгы бар адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы токтомуна ылайык, айыл чарба багытындагы жерлерге турак жай курууга тыюу салынган. Ага карабастан, Чүй облусунда жерлерди өзүм билемдик менен басып алуу жана мыйзамсыз курулуштарды жүргүзүү фактылары уланып келет.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды мыйзамды сактоого чакырып, жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүү, куруу же сатуу аракеттери үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.