Көпчүлүк аймакта кар жаап жатат. Жол тазалоо иштери жүрүүдө
26 февраль

Көпчүлүк аймакта кар жаап жатат. Жол тазалоо иштери жүрүүдө

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

“Кыргызавтожол-Түштүк” жана Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан атайын кезмет уюштурулуп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги эскертет!

Кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпаңыз! Сиз эрежени гана бузбастан, жол тазалаган унаалардын кыймылына катуу тоскоолдук жаратарыңызды унутпаңыз!

Эсиңизде болсун! Унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо - кырсыкты алдын алып, жол коопсуздугун камсыздайт.