Бишкекте даарыкана баңгизатына каршы алдын иш-чаралар уланууда
Бишкек шаарынын ИИББнын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери борбор калаадагы даарыканалардын фармацевттери арасында алдын алуу түшүндүрүү иштерин улантууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери рецепт менен берилүүчү даары-дармектерди сатуу боюнча мыйзам талаптарын, ошондой эле курамында психоактивдүү заттар бар дары каражаттарын мыйзамсыз саткандыгы үчүн каралган жоопкерчиликтерди түшүндүрүшүүдө. Айрыкча мындай препараттарды рецептсиз жана жашы жете электерге сатууга жол бербөө маселесине өзгөчө көңүл бурулууда.
Эске салабыз, даары каражаттарын сатуу эрежелерин бузгандыгы үчүн административдик жана кылмыш жоопкерчилиги каралган.
