Бишкекте сойкулук жана ыпластык иштерди уюштурган шектүү кармалды
2025-жылдын 22-февраль күнү Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге Бишкек шаарынын аймагында мурда соттолгон «Р.,» аттуу каймана аты менен интим кызматын уюштуруу боюнча туруктуу схема уюштургандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факт боюнча Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 160- (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүргүзүү учурунда шектүү 1998-жылы туулган А.Р., аныкталып, кармалган. Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген жана Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайында кармалды.
Учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу фактыларга тиешеси бар-жогу текшерилип жатат.
