Кыргызстанда 20 миңден ашуун видео камера орнотуу пландалууда
"Коопсуз өлкө" программасынын алкагында Кыргызстандын аймагында 20 миңден ашык видео камера орнотуу пландалууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымына караганда, бүгүнкү күндө 2 144 гана камера иштейт.
Азыркы убакта коопсуз шаар системасынын камералары:
- Бишкек шаарында – 651
- Баткен облусу – 248
- Ысык-Көл облусу – 283
- Жалал-Абад облусунда – 205
- Нарын облусу – 207
- Ош шаарында – 57
- Ош облусу – 115
- Талас облусу – 201
- Чүй облусу – 177.
Орунбековдун айтымына караганда, учурда күн сайын камераларды орнотуу жумушу жүрүп жатат. Алар, акыркы үлгүдөгү, адамдын жүзүнөн таануучу, 360 градустагы көрүү жана көп функционалдуу камералар.
"Бишкек шаарында жетиштүү камералар орнотулган. Учурда башка аймактарда дагы коопсуз өлкө долбоорунун алкагында жумуштар уланып жатат. Акыркы жасалган оор кылмыштардын бетин ачуу операциясы дагы так ушул камералардын жардамы менен ишке ашты", - деди ал.
