Ала-Арчадагы Пионер чокусу ШКУ чокусу деп атала баштады
Ала-Арча жаратылыш паркында альпинисттер арасында белгилүү болгон Пионер чокусу ШКУ чокусу деп атала баштады. Жаңы аталыш Бишкекте 31-августтан 1-сентябрга чейин өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине байланыштуу коюлган.
Муну менен катар альпинисттер коомчулугунда чокуну мындайча өзгөртүп атоонун юридикалык негиздерине байланыштуу суроолор жаралууда.
Тоолордун чокулары географиялык объектилерге кирет, ал эми алардын расмий аталышын өзгөртүү белгиленген тартиптен өтүүнү жана тиешелүү чечимди расмий тариздөөнү талап кылат.
Альпинисттер Пионер чокусунун аталышын өзгөртүүнү ким демилгелегенин, бул чечим кайсы мамлекеттик органдар менен макулдашылганын жана жаңы аталышты бекиткен расмий документ бар-жогун тактоону каалашууда.
Азырынча тиешелүү чечим боюнча коомчулукка расмий маалымат жарыялана элек.
Ушуга байланыштуу коомчулукта: эгер чокунун аталышы расмий түрдө өзгөртүлгөн болсо, аны тастыктаган документ кайда жарыяланган деген суроо жаралууда. Ал эми мындай чечим кабыл алынбаса, анда көп жылдардан бери колдонулуп келген тарыхый аталыш кандай негизде жаңы аталышка алмаштырылып жатат деген суроо турат.
Пионер чокусу көп жылдардан бери альпинисттер арасында белгилүү болуп, маршруттардын сүрөттөмөлөрүндө жана кесиптик чөйрөдө колдонулуп келет.
