Облустук, райондук жана айылдык деңгээлдеги 316 жетекчи психологиялык тестирлөөдөн өттү
26 февраль

Облустук, райондук жана айылдык деңгээлдеги 316 жетекчи психологиялык тестирлөөдөн өттү

Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрлар резервине, региондук жана муниципалдык кадрлар резервине кирүү үчүн талапкерлер компьютердик тестирлөөдөн өтүүгө тийиш. Бул тууралуу КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди. 

Маалыматка караганда, аталган агенттиктин Тестирлөө борборунда жүргүзүлгөн тестирлөөгө 2022-жылы 10 379 талапкер катышса, 2023-жылы 21 995 киши тестирлөөдөн өткөн. Быйыл, отчеттук мезгил ичинде 15 707 адам тест тапшырган. 

«Учурда Агенттик тарабынан талапкердин кесиптик маанилүү сапаттарын аныктоо үчүн кошумча тестирлөө киргизилүүдө, ал кесиптик маанилүү сапаттардын өнүгүү деңгээлин комплекстүү баалоого мүмкүндүк берет, ошондой эле талапкердин психологиялык жана психофизиологиялык касиеттерин аныктайт», – деп айтылат маалыматта. 

Белгиленгендей, психологиялык тесттер атайын эксперттер (психологдор) тарабынан жүргүзүлөт жана “Мультипсихометр” аппараттык-программалык комплексинин жардамы менен ишке ашат. Алгачкылардан болуп (пилоттук режимде) адамдардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн жана кесиптик сапаттарын аныктоо боюнча психологиялык тесттен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары (акимдер), облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрлери, ошондой эле, айыл өкмөттөрдүн бардык башчылары, жалпысынан 316 жетекчи психологиялык тестирлөөдөн өтүштү.