Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери үч жаш кызды чөгүп кетүүдөн сактап калышты
26 июль

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери үч жаш кызды чөгүп кетүүдөн сактап калышты

Ысык-Көл ОИИБдин Милициянын кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери Чолпон-Ата шаарындагы Көгүлтүр эс алуу пляжында коомдук коопсуздуктун алдын алуу максатында профилактикалык иштерди жүргүзүп жүрүп, көлдүн болжол менен 10–15 метр алыстыгында жаш өспүрүм кыздардын сууга чөгүп жатканын байкап калышкан.

Милиция кызматкерлери тез арада сууга секирип, өз өмүрүн тобокелге салып, үч кызды аман-эсен алып чыгышкан.

Териштирүү маалында пляжда суу алдындагы кооптуу жар тууралуу эскертүү белгиси жок экени жана суунун бир жеринен кескин тереңдеп кетери аныкталган.

Куткарылган өспүрүмдөр — Жалал-Абад облусунун 11–12 жаштагы тургундары экени жана ата-энелери менен эс алууга келишкени белгилүү болду. Ата-энелер милиция кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирип, алардын эрдигин жогору баалашты.

Бул факт Ысык-Көл РИИБдин МЭЖне катталып, тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.