Токмокто жаңы заманбап турак жай комплексинин курулушу башталды
Президенттиниш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Токмок шаарында жаңы заманбап турак жай комплексинин курулушуна старт берди.
Жаңы курула турган комплекс 31 блоктон туруп, 15 кабаттуу болот. Жалпысынан 2 290 батирди камтыйт.
Бул турак жай комплексинин курулушунун башкы максаты — Токмок шаарындагы тургундар үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап жашоо шарттарын түзүү. Бул комплексте шаардыктар үчүн бардык талаптарга жооп берген социалдык жана инфраструктуралык шарттар түзүлөт.
Алсак, балдар үчүн мектеп, бала-бакчалар жана унаа токтотуучу жайлар каралган.
Жаңы комплексте 1,2 жана 3 бөлмөлүү батирлер бар, алардын саны:
– 1 бөлмөлүү батирлер – 654 даана
– 2 бөлмөлүү батирлер – 1440 даана
– 3 бөлмөлүү батирлер – 196 даана
Батирлердин жалпы аянты 184 835,06 м² түзөт.
Мындан тышкары, 7 блоктун биринчи кабаттарында коммерциялык жайлар үчүн аянт бөлүнгөн. Бул бизнес жүргүзүү жана кызмат көрсөтүү үчүн заманбап мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
