ИИМдин БМЖКККнын командасы учкучсуз учуучу аппараттардын учкучтарынын эл аралык мелдешинде байгелүү орунга ээ болду
2025-жылдын октябрында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын командасы Россия Федерациясынын ИИМи уюштурган учкучсуз учуучу аппараттардын учкучтарынын эл аралык мелдешине катышты.
Мелдеш 6-10-октябрь күндөрү Москвада өтүп, Кыргызстандын, Беларустун, Абхазиянын өкүлдөрү жана Россиянын Ички иштер министрлигинин бөлүктөрү менен кошо, ар кайсы өлкөлөрдөн келген 10 команда чогулду.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча ИИМдин БМЖКККнын командасы “Учкучсуз учуучу апаратты башкаруу жана аны колдонуу менен көздөгөн максатты издөө” номинациясында 3-орунду ээлеп, “Асман сакчылары” жана “Жеңишке болгон эрк” категорияларында атайын сыйлыктарга ээ болушту.
ИИМдин БМЖКККсы ыкчам ишмердүүлүгүнө учкучсуз учуучу апараттын технологияларын жигердүү киргизүүдө. Алар жашыруун байкоо жүргүзүү, кылмышкерлерди табуу, окуя болгон жерлерди текшерүү жана коомдук иш-чараларда жана башка тапшырмаларда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн колдонулат.
