Токмок шаарында өспүрүмдөрдүн катышуусунда болгон массалык мушташ факты боюнча Чүй ОИИББи маалымдайт
15 октябрь

Токмок шаарында өспүрүмдөрдүн катышуусунда болгон массалык мушташ факты боюнча Чүй ОИИББи маалымдайт

Социалдык тармактарда Токмок шаарында болгон өспүрүмдөрдүн топтолуп мушташкан видеосу тараган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 2025-жылдын 14-октябрында Токмок ШИИБне Токмок шаарынын 1-микрорайону менен Чүй районуна караштуу Мээненткеч айылынын ортосундагы бош жерде өспүрүмдөрдүн мушташы тууралуу билдирүү келип түшкөнү аныкталды.

Бул факты Токмок шаарынын ИИБсинде катталып, териштирүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери мушташ Токмок шаарындагы эки мектептин 9-класстарынын окуучуларынын ортосунда чыкканын аныкташкан.

Милиция кызматкерлери окуянын катышуучуларын аныктап, Токмок ШИИБне жеткиришти. Алар менен түшүндүрүү жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Жабыркагандар жок.

Текшерүүнүн жыйынтыгында күнөөлүү адамдардын аракеттерине юридикалык баа берилип, учурдагы мыйзамдарга ылайык процессуалдык чечим кабыл алынат.