КМШнын штаб-квартирасында маалыматтык коопсуздук боюнча тегерек стол өттү
16 январь

КМШнын штаб-квартирасында маалыматтык коопсуздук боюнча тегерек стол өттү

"Маалыматтык коопсуздук: заманбап чакырыктар жана коркунучтар" аттуу тегерек стол 15-январда Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) штаб-квартирасында өттү.

Иш-чарага Беларусь Республикасынын маалымат министри Марат Марков, КМШнын Башкы катчысынын биринчи орун басары Игорь Петришенко, Башкы катчынын орун басары Нурлан Сейтимов, ошондой эле Шериктештиктин Аткаруу комитетинин жетекчилиги жана кызмат адамдары катышты.

Жолугушууну ачып жатып, Игорь Петришенко КМШнын алкагында маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бекем институционалдык база түзүлгөнүн белгиледи. Анын айтымында, бул багыттагы иштер тиешелүү макулдашууларга, концепцияларга, стратегияларга жана узак мөөнөттүү пландарга негизделип жүргүзүлүүдө.

Бул чөйрөдөгү негизги документтер болуп маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу, коомдун санариптик өнүгүүсү жаатындагы маалыматтык өз ара аракеттенүү тууралуу макулдашуу жана Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу стратегиясы саналат.

Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселеси кеңири кызматташтыктын элементи катары КМШ өкмөт башчыларынын кеңеши тарабынан 2025-жылдын 29-сентябрында кабыл алынган, 2035-жылга чейинки маалыматтык коомду жана санариптик экономиканы өнүктүрүү боюнча кызматташтык стратегиясына да интеграцияланган.

«Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууда Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарынын ишмердүүлүгү маанилүү роль ойнойт. Алардын катарына Байланыш жаатындагы Регионалдык шериктештик, “Мир” мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясы, телерадио уюмдардын жетекчилеринин кеңеши, мамлекеттик маалымат агенттиктеринин жетекчилеринин кеңеши кирет. Киберкылмыштуулукка жана маалыматтык чөйрөдөгү башка деструктивдүү аракеттерге каршы күрөшүүдө коопсуздук тармагындагы дээрлик бардык координациялоочу органдар тигил же бул деңгээлде тартылган», — деп маалымдады Игорь Петришенко.

Анын пикиринде, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган — нацизмге каршы Тынчтык жана Биримдик жылы маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жагынан өзгөчө маанилүү болду.

«Тарыхый чындыкка каршы массалык чабуулдар болуп жаткан, Батыш өз түшүндүрмөсүн таңуулоого аракет кылган шартта, “Мир” МТРКсы, КМШ өлкөлөрүнүн телерадио уюмдары жана маалымат агенттиктери бири-бири менен тыгыз кызматташып, көрүүчүлөргө жана окурмандарга Улуу Жеңиштин чыныгы тарыхы жана бүгүнкү жашоо тууралуу так жана ишенимдүү маалыматты ырааттуу жеткирип турушту», — деди ал.

Анын айтымында, бул иште мамлекеттер аралык маалымат пулунун мүмкүнчүлүктөрү олуттуу жардам берди. Анын алкагында видеосюжеттер алмашылып, ишмердүүлүгү башталгандан бери Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн жашоосу тууралуу 60 миңден ашуун видеоматериал топтолгон.

Ушундай эле өз ара аракеттенүү механизми КМШнын Маалымат кеңешинин колдоосу менен Шериктештикке мүчө мамлекеттердин улуттук маалымат агенттиктеринин ассоциациясынын (АНИА) алкагында иштеп келет. Ассоциация күн сайын эркин биргелешип пайдалануу үчүн КМШ өлкөлөрүндөгү маанилүү окуялар тууралуу 15–20 маалымат жана 3–5 фотоматериал жайгаштырат.

"Жалпысынан КМШнын алкагында топтолгон маалыматтык чөйрөдөгү өз ара аракеттенүү тажрыйбасы көптөгөн чакырыктарга жана коркунучтарга ийкемдүү жооп берүүгө, маалымат мейкиндигинде жалпы кызыкчылыктарыбызды илгерилетүү боюнча биргелешкен чараларды көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Чет өлкөлөрдө түзүлүп жаткан конъюнктуралык мифтерди жокко чыгаруунун негизги жолу — объективдүү маалыматты жана фактыларды жеткирүү бойдон калууда", — деп жыйынтыктады КМШнын Башкы катчысынын биринчи орун басары.

Өз кезегинде Марат Марков Беларусь Республикасынын маалымат мейкиндигинде жүрүп жаткан бир катар процесстер сөзсүз түрдө Шериктештиктин башка өлкөлөрүнө да тиешелүү экенин белгиледи. Анын айтымында, көптөгөн мамлекеттер окшош көйгөйлөргө туш болуп, бирдей милдеттерди чечүүгө аракет кылышууда.

Ал Беларусь тажрыйбасы бул багытта КМШга мүчө бардык мамлекеттер үчүн пайдалуу болушу мүмкүн экенин баса белгиледи.

Өз сөзүндө министр республикадагы маалыматтык ишмердүүлүктүн өзгөчөлүктөрү жана беларусь маалымат мейкиндиги тууралуу кеңири айтып берди.

Анын маалыматына караганда, 2026-жылдын 1-январына карата Беларусияда 1091 массалык маалымат каражаты катталган, алардын 560ы — мамлекеттик эмес менчиктеги ММКлар. Өлкөдө 862 басма ММК, 139 электрондук ММК, 6 маалымат агенттиги жана 84 интернет басылма иш алып барат.

"Массалык маалымат каражаттары, басма иши, реклама, экстремизм жана башка тармактар боюнча мыйзамдарга киргизилген жаңы нормалардын аркасында салттуу ММКлардын маалымат мейкиндиги жалпысынан жөнгө салынган. Чакырыктар түшүнүктүү, милдеттер так, укуктук механизмдер иштеп жатат. Бирок интернет мейкиндигинде чакырыктардын саны күн сайын өсүүдө жана аларды минималдаштыруу мүмкүнчүлүктөрү дайыма артта калууда. Бул бир гана Беларусиянын маселеси эмес. Чындык ушунда — барган сайын көбүрөөк адамдар маалыматты интернеттен алышууда, ал жерде жүз миллиондогон авторлор бар, бул болсо маалыматты жөнгө салууну кыйла татаалдаштырат", — деп эсептейт министр.

Анын айтымында, Беларусияда интернет колдонуучулардын саны дээрлик 8,5 миллион адамды түзөт, алардын 79%ы күн сайын интернетке кирет. Орточо эсеп менен беларусиялыктар интернетте күнүнө 4–6 саат өткөрсө, телевизор көрүүгө болжол менен 3 саат гана бөлүшөт.

Министр популярдуу интернет-платформаларды пайдалануу, басма иши, бул тармактарды мыйзамдык жөнгө салуу, ошондой эле жасалма интеллекттин маалыматтык саясатты, анын ичинде балдар жана жаштар үчүн маалымат мейкиндигин калыптандырууга тийгизген таасири тууралуу кеңири токтолду.

"Өлкөлөрүбүздүн маалыматтык мейкиндигин деструктивдүү таасирлерден коргоо — бул биздин жалпы милдетибиз. Биз туш болуп жаткан чакырыктарды коргонуу жана экономика тармагындагыдай эле биргелешип жеңишибиз керек", — деп баса белгиледи Марат Марков.