Көк-Жарда үйлөрдү бузуу: беш тургун кармалып, 17си РИИБге жеткирилди
2025-жылдын 6-август күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясы жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципиалдык администрациясы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №292 токтомунун негизиниде мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын Көк-Жар жаңы коңушунун 172-контуруна барган учурда Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз топ адамдар жолду мыйзамсыз тосуп алышкан.
Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 279-беренесине (Жолдорду мыйзамсыз тосуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Октябрь РИИБдин тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1999-жылы туулган Б.М., 1991-жылы туулган А.Б., 1989-жылы туулган К.Н., 1990-жылы туулган М.У. жана 1965-жылы туулган А.Ж. аттуу жарандар аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Мындан тышкары, 17 жаран жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 128-беренесине (ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) ылайык протокол түзүлдү.
Көңүл буруңуздар! Милиция эскерет: Жолдорду, катнашуу жолдорун мыйзамсыз тосуу, башкача айтканда жол төшөлмөсүндө адамдардын топтолуусун жаратуу же калкалоочу курулмаларды, техниканы же башка буюмдарды орнотуу жолу менен адамдардын, автомобилдик, же башка транспорт каражатынын кыймылына бөгөт коюуга же чектөөгө багытталган олуттуу залал келтирүүгө алып келген аракеттерди уюштуруу же аны жетектөө, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 279-беренесине (Жолдорду мыйзамсыз тосуу) ылайык 1 жылдан 5 жылга чейин жазага тартылат экендигин билдиребиз.
